Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 74
2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, 2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №43 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы XIII сессиясынын №74 токтомуна тиркеме |
2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын
муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
1. 2025-2026-жылга карата муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча саясатынын максаттары жана милдеттери
1.1. 2025-2026-жылга карата Ош шаарында муниципалдык менчикти менчиктештирүү саясатынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу;
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин толтуруу;
- социалдык-экономикалык абалды жогорулатып, инвестицияларды тартуу;
- жеке тараптардын, чакан жана орто бизнестин, экономикалык секторундагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
1.2. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү жаатындагы саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
-муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн жана баалоонун ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө;
-муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды электрондук форматта жүргүзүү практикасын туруктуу ишке ашыруу;
2. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары
2.1. Менчиктештирүү усулдарына төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу;
Өзгөчө учурларда, муниципалдык мүлк/объект мыйзамда белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн усулдун бири менен үчтөн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбосо, жергиликтүү кеңештин чечими менен тике сатуу ыкмасы колдонулат.
Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектине жараша Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Менчиктештирүүнүн усулун тандоо муниципалдык мүлктүн /объектинин финансы-экономикалык абалына жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасында, анын жеке тармактык, аймактык жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык мүлктү/объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык мүлктүн/объекттин өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-экономикалык абалдын конъюнктурасына жараша, комиссиянын кароосуна сунушталат.
2.2. Менчиктештирүү усулдарын колдонуу.
Муниципалдык мүлктү/объектини аукциондо сатуу, конкурста сатуу усулдарын колдонуунун шарттары жана тартиби Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
Муниципалдык мүлктү Ош шаарынын мэриясы өзүнүн өкүлү муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) аркылуу сатат, өкүлгө тапшырма берилет, анда муниципалдык мүлктүн/объектинин баасы, тооруктарды өткөрүү мөөнөттөрү, тараптардын өз ара милдеттенмелери, укуктары жана башка шарттар аныкталат.
Сатып алуучудан муниципалдык мүлктүн/объектинин сатылган баасынан (бүтүмдүн суммасынан) тышкары 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым алынат.
2.3. Менчиктештирүү шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү эрежелерине жараша белгиленет.
Жеке же юридикалык тараптар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлккө/объектке карата программанын катышуучусу катары өтө алышат.
Орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүүнүн негизги шарттарынын бири болуп ишканаларды өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды берүү эсептелет.
Бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүү үчүн аукцион (өткөрүү күнү, жайы ж.б. шарттары) жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Коммерциялык конкурс – тооруктун (аукцион менен бир катардагы) түрү. Конкурсттун жеңүүчүсү катары тооруктун уюштуруучусу тарабынан алдын ала дайындалган конкурстук комиссиянын корутундусу боюнча эң мыкты шарттарды сунуш кылган (аукциондо – эң жогорку бааны сунуштаган) жак таанылат.
Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектине/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектин/муниципалдык мүлктү сатып алуучусу болот.
Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирилүүчү объектиге/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет: