Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин биринчи сессиясы

ТОКТОМ

 

 29.11.2024-жыл.    № 2

Кашка-Суу айылы                                  

Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Эсептөө комиссиясынын Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.

2. Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Салибаева Анархан Маматысаевнанын шайлангандыгы таанылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага

Б.И.Карыбеков