Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №5-3
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178-Токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнундөгү” Жобосуна таянып Гулистан айылдык кеңеши, токтом кылат:
1 Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук аталышы.
Мамлекеттик тилде: “Гулистан айылдык кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Гулистанский айылный кенеш”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Гулистан айылдык кеңеши” м-е.
Расмий тилде: У-е “Гулистанский айылный кенеш”.
2. “Гулистан айылдык кеңеши” мекемесинин регламенти бекитилсин.
3.“Гулистан айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы – төрагасы болуп Мирзакулов Умаржон Мамиржонович дайындалсын.
4.“Гулистан айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Гулистан айылдык аймагы, Фрунзе айылы, Солтобаев көчөсү, 33.
5.“Гулистан айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айылдык кеңешинин төрагасы Мирзакулов Умаржонга жүктөлсүн.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтар анык, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Төрага
| У.Мирзакулов |