Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 75
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы №24 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомунун 2-пунктундагы 2-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмүнүн
- 2-пунктундагы 4-графадагы “1000” деген цифра “500” деген цифрага, - 5-графадагы “1000” деген цифра “700” деген цифрага алмаштырылсын.
- 2-пунктттун 2-графасындагы “Чатырдын астында турган унаалардан алынуучу жыйым”: деген сүйлөм 100 пайыз “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт” деген сөз менен толукталсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (К. Шайиев) жүктөлсүн).
Төрага: | Б.Т. Баетов |