Загрузка документа…
Ала-Тоо айылдык кеңештин кезектеги он биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
09.11.2025-жыл. № 1
Кашкар-Кыштак айылы
«Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана жыйын өтүлүүчү жерин жана өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө»
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын жана жыйналыштардын өтүлүүчү графигин бекитүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндө жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 25-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколунун негизинде Ала-Тоо айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында IV Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча делегаттардын саны өткөрүү жайы жана графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин .
4. Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жергиликтүү коомдоштуктардын
жыйындарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жагы тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Ф.Юсупов |