Загрузка документа…
Ала-Тоо айылдык кеңештин кезектеги он биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
09.11.2025-жыл. № 3
Кашкар-Кыштак айылы
Ала-Тоо айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Депутаттарга айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева айыл өкмөтүндө муниципалдык тазалык ишканасынын жалпы эрежелери боюнча жобону тааныштырып, аны бекитип берүү боюнча сунушун айтты. Депутаттар карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндө жобо бекитилсин. (№1-тиркеме)
2.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ф.Юсупов |