Загрузка документа…
Ала-Тоо айылдык кеңештин кезектеги он биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
09.11.2025-жыл. № 4
Кашкар-Кыштак айылы
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндөгү сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Рахматов Рахматилла Кимсанбаевичтин Ала-Тоо айыл аймагындагы бардык мектептерге, бала бакчаларына 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча 20 (жыйырма) даана генератор сатып алып берүү боюнча 1000,0 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунушуп угуп жана карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан орто мектептерине жана бала бакчаларына 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча 20 (жыйырма) даана генератор сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1000,0 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Сатып алынган 20 (жыйырма) даана генераторду мыйзам чегинде ар бир мектептерге, балдар бакчаларына бөлүштүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ф.Юсупов |