Загрузка документа…
Ала-Тоо айылдык кеңештин кезектеги он биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
09.11.2025-жыл. № 5
Кашкар-Кыштак айылы
Айыл аймагынын Кенжекул жана Бекжар айылында жайгашкан мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү аяктаган жерлерге аукцион өткөрүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин айыл аймагындагы Кенжекул айылында жайгашкан мамлекеттик фондунун сугат айдоо жеринен 8,10 га, Бек-жар айылындагы малекеттик фондунун чөп чабынды жерлеринен 6,10 га жер аянттарынын ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аукцион өткөрүү үчүн алгачкы старттык баасы, аукциондун кадамын, билеттин баасын коюп бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул жана Бекжар айылдарында жайгашкан мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөттөрүнүн аяктагандыгына байланыштуу кайрадан аукцион өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Кенжекул айылындагы мамлекеттик фондунун 8,10 га сугат айдоо жеринин алгачкы старттык баасы гектарына 10,000 (он миң сом) кадамы 1000 сомдон, кирүү билети 200 (эки жүз) сомдон, кепилдик төлөмү 1500 (бир миң беш жүз) сомдон белгиленсин.
3.Бек-жар айылындагы малекеттик фондунун 6,10 га чөп чабынды жердин старттык баасы 1200 (бир миң эки жүз) сомдон, кадамы 500 сомдон, кирүү билети 200 сомдон, кепилдик төлөмү 500 (беш жүз) сомдон белгиленсин.
4.Аукциондорду өз мөөнөтүндө мыйзам чегинде өткөрүү жагы аукцион өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин жана аны көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын такай көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ф.Юсупов |