Редакцияот 03.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 5-сессиясы

 

2025-жылдын 3-апрели  №5-1

Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин кароо тууралуу

Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин карап чыгып, талкуулап, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренсинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Кеңеш айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын.

2.Сунушталган резервке талапкерлердин документтерин АШКна тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Ж.К.Исаевке жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.П.Шадыбековага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Ж.К.Исаевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

О.С.Абдырахманов