Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели №6-1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кеңеш” муниципалдык ишканасынын сугат суу боюнча тарифин жана 2025-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кеңеш” муниципалдык ишканасынын сугат суу боюнча тарифин жана 2025-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө ишкананын жетекчисинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-чи жана 11-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кеңеш” муниципалдык ишканасынын план тарифтеринин 2025-жылга карата түзүлгөн долбоору жактырылсын, сугат сууга болгон тарифи 0,01га үчүн 15(он беш) сом өлчөмүндө жана 2025-жылга бюджети 1569000 ( бир миллион беш жүз алтымыш тогуз миң) сом деп бекитилсин.
2.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Абдылдаевке , МИнын директору А.Мамажунусовко жана ФЭБ башчы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |