Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели №6-2
Арбын айылындагы муниципалдык менчикте турган 1,15 га жер аянтына парк курууга макулдук берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы Төрөм көпүрөсүнүн үстү жагындагы муниципалдык менчикте турган 1,15 га жер аянтына парк курууга макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-чи жана 5-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы Төрөм көпүрөсүнүн үстү жагындагы муниципалдык менчикте турган 1,15 га жер аянтына парк курууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |