Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели №6-3
Куу-Майдан айылындагы жаңы конушта жайгашкан ветеринардык сервис үчүн курулган имаратты жергиликтүү тургундардын суроо талабы боюнча бала бакча багытына өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылындагы жаңы конушта жайгашкан ветеринардык сервис үчүн курулган имаратты ошол жерде жашаган жергиликтүү тургундардын суроо талабы боюнча бала бакча үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-чи жана 5-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылындагы жаңы конушта жайгашкан ветеринардык сервис үчүн курулган имаратты ошол жерде жашаган жергиликтүү тургундардын суроо талабы боюнча бала бакча үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын..
Төрага |
О.С.Абдырахманов |