Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 6-4
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2025-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2025-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу ФЭБнүн башчысынын жана «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан 4526,8 миң сом акча калдыгын 2025-жылга карата бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2.Чөө бөрүлөрдү атууга бөлүнгөн 60,0 миң сомдон, ар бир атылган чөө бөрүнүн башына 1,0 миң сомдон төлөнүп берилсин.
3.Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |