ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу жыйналышы
2025-жылдын 24-февралы № 1/1
Бириккен Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 24-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.
2.Оморова Бактыгүл Саматовна Кара-Кулжа районундагы бириккен Ой-Тал айыл аймагынын Ой-Тал айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| С.Калыбаев |