Редакцияот 24.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу жыйналышы

 

2025-жылдын 24-февралы № 1/4

 

“ Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү "

мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун,  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону  жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Ой-Тал айыл өкмөтү ” мекемеси  жана “Капчыгай”  айыл өкмөтү мекемеси  бириктирүү жолу менен  “Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү ” болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Ой-Тал  айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот  Ой-Талского  айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: " Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси.

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот   Ой-Талского айылного аймака"

2. “Ой-Тал  айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы     бекитилсин.

3.  Ой-Тал  айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин  Жобосу бекитилсин.

       4.”Ой-Тал  айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин  юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа  району, Сары-Бээ  айылы, Ш.Курмантаев  көчөсү № 9 болуп аныкталсын. 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо  көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрайым:

 

Б.С.Оморова