ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 2-сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 22-апрели № 2/1
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ой-Тал айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |