Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 79
Республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга жана кредитти күрөө менен камсыздоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга жана кредитти күрөө менен камсыздоого макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы №27 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга республикалык бюджеттен 6 жылдык мөөнөткө 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит алууга жана кредитти күрөө менен камсыздоо үчүн “Ош автобекети” муниципалдык ишканасынын имаратын күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (К. Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |