Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 61
Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектептин айланасындагы теректерди кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-пункутунун 3-пункутчасына таянып, айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошов атындагы орто мектептин айланасындагы теректерди мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында, кыйууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектебинин кесиптик бирлик менен биргелешкен кезексиз педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 1 жалпы чогулушунун материалдары менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектептин айланасындагы теректерди мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында, тийиштүү мекеме уюмдардан иш кагаздарын алуу менен кыйууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |