Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 63
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34-жылдыгына карата Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамына айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикасын өнүктүрүүдө чоң салымдарын кошкондугун эске алуу менен, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 39.1 пунктуна таянып, айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.
- Буваев Махамат Кудайбердиевич Алга айылынын тургуну;
- Авазов Абдилажан Кызыл-Октябрь айылынан;
- Эшназаров Алмазбек Баймурзаевич Кызыл-Октябрь айылынан;
- Исмаилов Акимжан Нишанович Кызыл-Сеңир айылынын тургуну;
- Жумаев Абдумалик Кызыл-Сеңир айылынын тургуну;
- Андакулов Абдикамал Кызыл-Сеңир айылынын тургуну;
- Абдырасулов Шермамат Абдырахманович Эски-Покровка айылынын тургуну;
- Абдырахманов Сагынбек Келдибекович Кочкор-Ата айылынын тургуну;
- Нурдинов Кутманбек Абдиллаевич Кремль айылынын тургуну;
- Матпазылов Курманбек Абдисаламович Үңкүр айылынын тургуну;
2. “Ардактуу атуул” лентасы жана рамкасы менен камсыздоо Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |