Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 64
Аймактык шайлоо комиссиясына өкүл (резерв) бекитүү жөнүндө
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Октябрь айыл аймагынан өкүл (резерв) катары Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Темиров Мирбек Алипбековичди бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы У. Султанованын сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына өкүл (резерв) катары Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Темиров Мирбек Алипбекович бекитилсин.
2.Айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго кабыл алынган токтом маалымат иретинде жиберилсин.
3.Айылдык кеңештин токтомун бекитип берүү жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |