Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 65
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишимдин (контрак) негизинде кызматкерди жумушка кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” Мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 02-июнундагы № 4767 сандуу катын аткаруу максатында, айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишимдин (контрак) негизинде кызматкерди жумушка кабыл алуу үчүн штат бирдикти колдоп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп талкуулап чыгып. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишимдин (контрак) негизинде кызматкерди жумушка кабыл алуу үчүн штат бирдикти колдоп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушу колдоого алынсын.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |