Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 4-октябры № 68
Айылдардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 149 мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесине жана айылдык кеңештин регламентинин 2-пункутунун 7-пункутчасына ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кремль айылынын тургундары менен өткөрүлгөн жыйында Кремль айылы - мындан ары “Намаздык-Ата” айылы деп өзгөртүү жөнүндөгү протоколун жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кремль айылы - мындан ары “Намаздык-Ата” айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат иретинде жиберилсин.
3. Мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңиштин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |