Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабры  №2-1

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитип берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 9-пунктчасынын негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Эшимбаев