Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 4-октябры № 70
А“Жаңы-Ынтымак” айылынын көчөлөрүнүн бирине маркум Мырзаканов Алияакбар Матиловичдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Жаңы-Ынтымак” айылынын тургундарынын элдик жыйындын протоколунун негизинде “Жаңы-Ынтымак” айылынын көчөлөрүнүн бирине РЭТ тармагында басып өткөн эмгек жолун баалап, Мырзаканов Алиярбек Матиловичдин ысмын ыйгаруу жөнүндө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп, талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. “Жаңы-Ынтымак” айылынын көчөлөрүнүн бирине маркум Мырзаканов Алияакбар Матиловичдин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго жана А. Мырзакановдун уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына ( У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |