Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 4-октябры № 71
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамына айыл өкмөтүндө жана айылдык кеңешинде мурда жетекчилик кызматтарда иштеп кетишкен жана азыркы убакта ишмердүүлүгүн көрсөтүп жатышкан жетекчилерине Кызыл-Октябрь айыл аймагынын социалдык- экономикасын өнүктүрүүдө чоң салымдарын кошкондугун эске алуу менен, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 39.1 пунктуна таянып, айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкелеринин профсоюз уюмунун мүчөлөрүнүн чогулушунун протоколу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.
- Алайчиев Бактыбек Болбурович айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Кыдыралиев Азизбек Аванович айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Мажитов Канибек Мажитович айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Толтоев Эрнис Мукашбекович айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Пасаңов Эржигит Жетимишович айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Амирбеков Алмазбек Амирбекович айыл өкмөтүнүн азыркы убактагы башчысы;
- Арапов Кушбакбек Ташполотович айылдык кеңештин мурдагы төрагасы;
- Камалов Мирлан Абдималикович айылдык кеңештин мурдагы төрагасы;
- Токтомуратова Гүльпери Абдылдаевна айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
- Айбашев Айдарбек Мажитович айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
- Ормонов Мамазаир;
- Ташмаматов Аматбек;
- Келдибаева Мария;
- Полотов Ибраим Жеңишбекович;
- Маматов Каныбек Жолдошбаевич Кара-Таш айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы;
- Токтобаев Сатар Бекмурзаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
-Алиев Жалал Абдыкадырович Кара-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
-Боркошев Бакытбек Келдибаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Максутов Бурканбек Айдарбекович Кара-Таш айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы;
2. “Ардактуу атуул” лентасы жана рамкасы менен камсыздоо Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |