Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 4-октябры № 73
Жер тилкесин берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жер тилкесин алууга кезекте турушкан жарандарга жер тилкесин берүү боюнча, Жер Кодексинин № 149 мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин регламентинин 2-пункутунун 11-пункутчасына таянып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагыны айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан төмөндөгү курамдан комиссия түзүлсүн.
- Айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Шадманов;
- Айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Гапарали уулу Бексултан;
- Айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Б. Мурзакаримов;
- Айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Кедейбаев;
- Айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Чынбердиев;
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго жана түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |