Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 4-октябры № 75
Кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңешинин регламентинин 2-пунктунун 2-пункутчасына таянып, айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып, кирешеге Башкы Прокуратура тарабынан өндүрүлгөн лицензиядан 3 632,0 (үч миллион алты жүз отуз эки миң) сом, калктуу конуштан түшкөн ижара акысы 180,0 (бир жүз сексен миң) сом. Мамлекеттик гиологиядан түшкөн киреше 489,0 (төрт жүз сексен тогуз миң) сом. Жалпы: 4 301,0 (төрт миллион үч жүз бир миң) сомго кошумча план алууга жана 2025-жылдын киреше салыгынан кыскартууга 400,0 (төрт жүз миң) сомго кыскартуу боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Айыл өкмөтүнүн акча каражаттарына кошумча план алууга 4 301 (төрт миллион үч жүз бир миң) сомго 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылдын киреше салыгынан кыскартууга 400,0 (төрт жүз миң) сомго 2-тиркемеге ылайык кыскартылсын.
3. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын атайын акча каражаттары 2224-беренесинин эсебине 3 100,0 (үч миллион бир жүз миң) сомго кошумча план алууга макулдук берилсин.
4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |
1-Тиркеме:
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2025 жылга ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине бөлүнгөн акча каражатынын эсеби кошумча смета
1 | Кадастор жана архитектуралык иш кагаздарына | 660,0 |
| Жалпы | 660,0 |
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2025 жылга ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине бөлүнгөн акча каражатынын эсеби кошумча смета
1 | Тогузунчу айылына таза суу | 600,0 |
2 | Эски Пакровка айылы Т.Максым көчөсүнө таза суу | 500,0 |
3 | Алга айылында столбаларды жылдыруу жана бала бакчанын айланасына арык алуу тегиздөө | 200,0 |
4 | О.Жакыпов атындагы орто мектебине буу казан сатып алып орнотуу | 350,0 |
| Жалпы | 1650,0 |
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2025 жылга ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине бөлүнгөн акча каражатынын эсеби кошумча смета
1 | М.Тешебаев жана Кызыл-Абад орто мектептеринин буу казандарын сатып алып орнотуу | 641,0 |
2 | Кызыл Сенир айылы Райла апа балдар бакчасына буу казан сатып алуу жана орнотуу | 200,0 |
3 | А.Машрапов атындагы баштапкы мектебине буу казан сатып алуу жана орнотуу | 650,0 |
4 | Кочкор-Ата айылына электр мамычаларын жана электр чубалгыларын орнотуу | 500,0 |
| Жалпы | 1991,0 |
Жалпы смета 4301,0
2-тиркеме:
2025-жылдын киреше салыгынан 400,0 (төрт жүз миң) сомго кыскартуу
Бөлүм | Глава | Параграф | Берене | Өзгөрүү суммасы | Анын ичинен квартал боюнча | ||||
+ | - | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | ||||
Бала бакча | 92310 | 70911 | 3111 |
| 400,0 |
|
| -400,0 |
|
Жалпы |
|
|
|
| 400,0 |
|
| -400,0 |
|
Төрага К. С. Мусаев