Загрузка документа…
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун
ТОКТОМУ
15.10.2025-жыл. № 33
Сары-Таш айылы
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине негиздеп, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, автотехникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, атайын техникаларды “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы тарабынан камсыздоо боюнча Памир-Алай айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, талкуулап, Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 327 284 АКШ доллар, жылдык (он бир) пайыз менен, 3 жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааларды алууга макулдук берилсин:
- Эксковатор XCMG XE 150 WB – баасы 93 500 (токсон үч миң беш жүз) АКШ доллары;
- Автогрейдер XCMG GR 1905 T – баасы 97 700 (токсон жети миң жети жүз) АКШ доллары;
- Zoomlion RN 1104 бирдик – баасы 23 442*2 (кырк алты миң сегиз жүз сексен тѳрт) АКШ доллары;
2. Лизингдин жалпы баасынан 10 (он) пайыз өлчөмүндө, Памир-Алай айыл аймагынын өздүк салымы 20 000 000 сом кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткөрүү мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Памир-Алай айыл өмөтүнүн башчысы К.А.Асатиллаевичке ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |