Загрузка документа…
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 19-отурумунун
ТОКТОМУ
08.12.2025-жыл. № 37
Сары-Таш айылы
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 4-кварталындагы жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевдин сунушун жана Памир-Алай айылдык кенештин бюджети боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун угуп 2025-жылдын 25-июлундагы № 4 протоколунун негизинде Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасындагы салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрлөрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | Берене | Жалпы | 4-квартал | |
Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
1 | Киреше салыгы | 11111100 | -500,0 |
| -500,0 |
2 | Турак жайга, же жайга мүлк салыгы | 11311100 | 50,0 | 50,0 |
|
3 | Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы | 11311200 | 50,0 | 50,0 |
|
4 | Короо-жай жана бакча участокторуна пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 11321100 | 20,0 | 20,0 |
|
5 | Айыл чарба багытындагы жерлерге пайдалангандыгы үчүн салык | 11321200 | -66,8 |
| 66,8 |
6 | Калктуу конуштардын жерлерине, жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык | 11321300 | 511,4 | 511,4 |
|
7 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм | 14151200 | 500,0 | 500,0 |
|
| Патент |
| 564,6 | 1131,4 | -566,8 |
2.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:
К/н | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Жалпы | 4-квартал | |
Көбөйтүү | Азайтуу | |||||
| Эконом вопросы | Имараттар | 3112 | 564,6 | 564,6 |
|
| Бардыгы |
|
| 564,6 | 564,6 |
|
3.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Бюджетте каралган акча каражатын смета боюнча максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаев жана финансы-экономика бүлүмүнүн башчысы Н.Маматжунус уулуна тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешиин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мухамаджан уулу Ибраимжанга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |