Загрузка документа…
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 20-отурумунун
ТОКТОМУ
09.12.2025-жыл. № 38
Сары-Таш айылы
Талды-Суу айылындагы Кызыл-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө боюнча Ош облустук өнүктүрүү фондуна кайрылуу жөнүндө.
Талды-Суу айылынын тургундарынын 2025-жылдын 25-ноябрында өткөн элдик жыйынынын протоколун угуп жана карап чыгып, ошондой эле айыл аймагындагы социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен, айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Талды-Суу айылындагы Кызыл-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу 2025-жылдын октябрь айында толук бүткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат кабыл алынсын.
2.Аталган көпүрө Талды-Суу айылынын жайлоого жана жайытка баруучу жалгыз каттамы экендиги, жай айларында Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн учурда мурда өтүү мүмкүн болбой калып келгендиги белгиленсин.
3.Көпүрөнүн курулушу боюнча подрядчы катары аныкталган ОсОО «Ихтур-Юг» уюм менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасы 23 481 694 (жыйырма үч миллион төрт жүз сексен бир миң алты жүз токсон төрт) сом экендиги маалымдалсын.
4.Курулуш иштерине 6 500 000 (алты миллион беш жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен төлөнгөндүгү, учурда подрядчы уюмдун алдында 16 981 694 (он алты миллион тогуз жүз сексен бир миң алты жүз токсон төрт) сом карыз калганы белгиленсин.
5.Подрядчы уюмдун алдында калган карыз каражатты жабуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондуна Памир-Алай айыл өкмөтү тиешелүү документтерди даярдап белгиленген тартипте тапшыруу тапшырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7.Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |