Загрузка документа…
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 21-отурумунун
ТОКТОМУ
25.12.2025-жыл. № 39
Сары-Таш айылы
Памир-Алай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымдары үчүн аймактагы мекеме кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө.
Памир-Алай айыл аймагындагы мекеме, уюм жана ишканалардын жетекчилеринин кызматкерлерди сыйлоо боюнча киргизген сунуштарын, ошондой эле Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын талкуусун угуп, кызматкерлерди моралдык жактан колдоо жана эмгегин баалоо максатында, Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-жыл ичинде Памир-Алай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниет, жоопкерчиликтүү, жана мекеме жамаатына үлгү болуп келген эмгектери үчүн, Памир-Алай айылдык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланышсын.
2.Сыйланган кызматкерлерге керектелүүчү грамоталар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4.Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |