Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу
Мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №2 отурумунун протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-
ишканалардын протоколдорундагы Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине макулдук берилсин.
2.Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип,
этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |