Загрузка документа…
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз он төртүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
12.12.2025-жыл. № 3
Кашкар-Кыштак айылы
Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылында жайгашкан 11,0 га деп аталыштагы азыркы 6,0 га мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин элдердин суроо талаптарынын негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 729 сунуш каты менен Жылкелди айылында жайгашкан 11,0 га деп аталыштагы азыркы 6,0 га мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин элдердин суроо талаптарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылында жайгашкан 11,0 га деп аталыштагы азыркы 6,0 га мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин элдердин суроо талаптарынын негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы |
Ф.Юсупов |