Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №2 отурумунун протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы
№ 54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 25-августундагы № 01-12/173 сандуу катына макулдук берилсин жана анын негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
2.Тиешелүү талаптарды мыйзам чегинде аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип,
этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |