Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/3
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылындагы Будайлык участкасынын Кыргыз-Ата дарыясынын 10,0 га жер аянтын трансформациялоого жана кичи ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 01-сентябрындагы кезектеги отурумунун № 6 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылындагы Будайлык участкасынын
Кыргыз-Ата дарыясынын 10,0 га жер аянтын трансформациялоого жана кичи ГЭС курууга макулдук берилсин.
2.Бекитилген жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу жана жердин санитардык,
экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдын негизинде иш алып баруу, тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык
маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |