ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 2-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 22-апрели № 2/5
Айыл аймактын айылдарында малдарды жайыттарга жайгаштыруу жана калкты жайлоолорго көчүрүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 2- сессиясынын жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешине караштуу айылдарда малдарды жайлоолорго жайгаштыруу жана калкты жайлоолорго көчүрүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Ничке-Суу,Терек-Суу,Кара-Таш жана Сары-Бээ айылдарынын тургундары үчүн көчүү 10-майдан 15-майга чейин, ал эми көчүп келүүсү 1-сентябрга чейин;
- Ой-Тал жана Көңдүк айылдарынын тургундары үчүн көчүү 10-майдан 15-майга чейин, ал эми көчүп келүүсү 5-сентябрга чейин;
2.Айыл башчылары ,ветеринардык адистер жана коомдук коопсуздук боюнча башкы адис (Э.Койчуев):
- айылдык аймакта эпизоотиялык абалды туруктуу кармоону колго алышсын;
-жазгы жайытттарга айдап кетээрде мал жандыктарды жугуштуу ылаңдарга карата ветеринардык клиникалык кароодон өткөрүшсүн жана айыл өкмөтүнүн ветеринардык жолдомо документтери менен камсыздашсын ;
-мал жандыктарды жайыттарга жайгаштыруу мезгилинде жайлоолорго көчүү , көчүп келүү мөөнөттөрүн жана ветеринардык-санитардык эреже талаптарды бузган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүшсүн;
4.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго тапшырылсын.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |