Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/4
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-4/10 токтомун жокко чыгаруу жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы "Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А.Тойгонбаев атындагы спорт комплексин “Кыргыз-Ата” футбол клубуна акысыз ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү" № 01-4/10 токтомун карап жана талкуулап, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана ижарага берүү тартибин иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы "Кыргыз-Ата
айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Тойгонбаев атындагы спорт комплексин “Кыргыз-Ата” футбол клубуна акысыз ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү" № 01-4/10 токтому жокко чыгарылсын.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Тойгонбаев атындагы
спорт комплексинин бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген муниципалдык мүлктү ижарага берүү тартибине (аукцион, конкурс же башка мыйзамдуу негиздер) ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу, тиешелүү
келишимдерди даярдоо жана ижара берүү иштерин уюштуруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет,
салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |