Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/5
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Мукарам Жусуповдун жеке менчигиндеги 281,0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп, аталган жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 01-сентябрындагы кезектеги отурумунун № 6 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Мукарам Жусуповдун жеке менчигиндеги 281,0 (эки жүз сексен бир) чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын жазуу түрүндө берген макулдугуна ылайык "Мечит" багытына өзгөртүп, аталган жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына, 1-пунктка ылайык, муниципалдык менчикке өткөн К. Козубаев 2 көчөсүндөгү 281,0 чарчы метр жер аянтынын документтерин мыйзам чегинде толук тариздөө жана жердин мечит куруу үчүн берилишин камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык
маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Б.Дүйшөев |