Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 3-сессиясынын жыйналышы

 

2024-жылдын 15-майы № 3/1

 

К.З.Зулпукаровго Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу   жөнүндө

 Ой-Тал айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын10.05.2024-жылдагы элдик жыйнынын № 2 протоколунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн  “Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимин карап жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу юоюнча Жобонун талаптарына ылайык Кыргыз лингвисткасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кыргызтанга таанымал илимпоз,филология илимдеринин доктору,профессоор К.З.Зулпукаровго “Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго тапшырылсын.

 

Төрайым:

 

Б.С.Оморова