Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну Узакбай Темировдун жеке менчигиндеги 671,0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер аянтынын ичинен 176,0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 01-сентябрындагы кезектеги отурумунун № 6 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну Узакбай Темировдун жеке менчигиндеги 671,0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер аянтынын ичинен 176,0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына, токтомдо көрсөтүлгөн жердин тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо милдеттендирилсин.3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык
маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |