Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги 4-сессиясынын жыйналышы

 

2024-жылдын 12-июлу № 4/1

 

Ой-Тал айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  2024- жылдын жарым жыл ичинде кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө 

    Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү  максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн  башчысы Абдилазиз уулу Бактыбектин  2024-жылдын жарым жылы  ичинде аткарган иштери  тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбектин 2024-жылдын жарым жылы ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп табылсын.

2.2024-жылдын ичинде Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекге төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

- айыл өкмөттүн аймагындагы түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;

- жамааттык топтор,бей өкмөт уюмдар менен терен байланышта иш алып баруу;

- жайыттарды,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;

- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу;

- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

 

Б.С.Оморова