Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөсүн асфальттоо боюнча жергиликтүү калктан чогулган акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКЧ бөлүмүнүн атайын эсебине отургузуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү
планында каралган Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөсүн асфальттоо боюнча долбоор үлүштүк дем берүүчү грантка өткөндүгүнө байланыштуу, ал эми жергиликтүү бюджеттен каралган жана жергиликтүү калктын өздүк салымы айыл өкмөтүнүн ЖКЧ бөлүмүнүн атайын эсебине келип түшкөндүгүн эске алып, келип түшкөн акча каражатын планга отургузуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөсүн асфальттоо боюнча
жергиликтүү калктан чогулган 2 479 300 (эки миллион төрт жүз жетимиш тогуз миң үч жүз) сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКЧ бөлүмүнүн атайын эсебине отургузулсун.
2.Келип түшкөн чогулган 2 479 300 (эки миллион төрт жүз жетимиш тогуз миң
үч жүз) сом каражат Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планында каралган долбоорго ылайык максаттуу пайдалануу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |