Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги 4-сессиясынын жыйналышы

 

2024-жылдын 12-июлу № 4/2

 

Ой-Тал  айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

                                                    .

  Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Административдик аймактык реформанын негизинде,план боюнча үнөмдөлүүчү суммадан бөлүнүп берилсин:

- айыл аймагында “Беккари”чуңкурун курууга 700 000 (жети жүз миң) сом;

- Сары-Бээ айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында оңдоп түздөө иштери жүрүп жаткандыктан,өздүк салым катары 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом;

- айыл өкмөтүнүн учурдагы керектүү товарлар жана кызматтарга 300 000 (үч жүз миң)

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий ,билим беруу, спорт,миграция,туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иштери,социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

 

Б.С.Оморова