Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №01-4/1
Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 чечиминин негизинде, 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны Көтөрмө маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө өткөрүлсүн.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучулардын нормасы ар бир айыл үчүн калктын санына жараша 100 адамга бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарына катышуучуларды аныктоо жана чогулуштарды өткөрүү боюнча графикке ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы жобого ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар болуп Кыргыз-Ата айыл аймагынын айыл башчылары бекитилсин.
6. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүдө керектелүүчү чыгымдарды кароо маселелси Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарынын жүрүшүндө сунушталган долбоорлордун сметаларын эсептөө жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип,
этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
Б.Дүйшөев |