Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/1
Жаңы-Турмуш айылы
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана иш планынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана иш планынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүнТилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана иш планынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин маалыматы сын-сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана иш планынын 6 айдын ичинде аткарылышынын айрым кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн финансы-бөлүмүнүн башчысына жана жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Калк арасында нааразычылыктарды жаратып, өз ишин так аткарбаган, жайлоого көчүп-конуу, мал жандыктарды жайлоого айдабастан чөп чабынды жерлерди зыянга учураткан, мыйзамга баш ийбеген жарандарга тиешелүү чара көрбөгөн, ыйгарым укуктуу кызматкерлерге чара көрүү айыл өкмөт башчысы К.Мусабаевге сунушталсын (Көрүлгөн чара боюнча айылдык кенешке жазуу жүзүндө маалыматтарын беришсин).
4.Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы жана уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К.Төрөшев |