Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/2
Жаңы-Турмуш айылы
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана иш планынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси К.Абдылдаевдин аткарып жаткан иштерин угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси К.Абдылдаевдин аткарып жаткан иштери кемчиликтердиэске алуу менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан коопсуз жайдан жер тилкеси берилгенден кийин, коопсуз жайга көчпөстөн, ошол жерде жашап жаткан жарандарга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,мөөнөт коюу менен сот органдарына өткөрүп берүү жагы Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси К.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3.Айыл аймагындагы карапайым калктын турак жайларын милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү багытында иш жүргүзүү жагы бардык айылдын айыл башчыларына жана айыл өкмөттүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси К.Абдылдаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Төрөшев |