Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/3
Жаңы-Турмуш айылы
Маданият кызматкерлеринин, китепкана башчыларынын аткарып жаткан иштеринин абалы
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 13-пунктунун жана 3-главасынын 34-беренесине ылайык,Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлеринин жана китепканачылардын элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасын жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча аткарган иштери кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык “деп табылсын.
2. Китепканадагы жылытуу системаларын оңдоп-түзөө, кемчиликтерин жоюу, учурдагы көйгөйлүү маселелерин жоюу жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Төрөшев |