Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/4
Жаңы-Турмуш айылы
Күз-кыш мезгилине карата мекемелерди, социалдык объектилерди даярдап, ремонттолушунунун абалын кароо жөнүндө
Күз-кыш мезгилине карата мекемелерди, социалдык объектилерди даярдап, ремонттолушунунун абалын кароо жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап чыгып, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы мекемелердин, социалдык объектилердин 2025-2026-окуу жылына карата даярдыгы, мекеме-ишканалардын оңдоп-түзөө иштеринин абалы, кышка карата даярдыгы боюнча аткарган иштери кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык эмес” деп табылсын, бул кемчиликтерди ушул жылдын август айынын аягына чейин жоюу тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
2. Мекемелерде жана ишканаларда электр энергиясын үнөмдөө максатында мүмкүнчүлүккө жараша сарамжалдуу пайдалануу иш аракеттери мекеме жетекчилерине жана мектеп директорлоруна тапшырылсын.
3. Мекеме-ишканалардын, мектептерге жана калкка көмүр жеткирүү боюнча иштер алдын ала уюштурулсун, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери өз учурунда жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге, мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Төрөшев |