Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/4
Жаңы-Турмуш айылы
Айыл аймагындагы "Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү" муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 айында аткарган иштерин кароо жөнүндө
Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 айында аткарган иштерин кароо жөнүндөгү айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 айында аткарган иштеринин абалы кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык”_деп белгиленсин.
2.Калкка ичүүчү таза сууну жеткирүүдө толук кандуу камсыз кылуу жана ар бир суу пайдалануучу менен тыгыз иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Жайыт төлөмдөрүн өз учурунда топтоо, жайлоо, жайыт жолдорун учурунда оңдоо, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу боюнча айылдардан чыгарылган таштандыларды белгиленген жерлерге таштоо, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз учурунда топтоп, өздүк эсепке котортуп, мыйзам чегинде иш алып баруу, жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Иманахуновго милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагындагы эс алуучу жайларга баруучу жолдордо эс алуучулардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин пайда болгон таштандылардан арылтуу максатында тосмо (шлагбаум) коюлсун, тосмо тосуу менен андан өткөрүү үчүн тариф мыйзам чегинде каралсын, ошол тариф менен чогултулган акча каражатынын эсебинен эс алуучу жайларга баруучу жолдорду калыбына келтирүү иштери колго алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат жана уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К.Төрөшев |