Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/6
Жаңы-Турмуш айылы
Кызматкерге ыйгарым укуктарды берүү менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 02.06.2025-жылдагы № 4767 сандуу катына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча ба
шкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына, “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Келишимин түзүп, бекитүү жөнүндө Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X заседаниеси токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 02.06.2025-жылдагы № 4767 сандуу катына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына, “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Келишим түзүлүп, бекитилсин.
2.Келишимдин негизинде мыйзамга ылайык иш алып баруу жоопкерчилиги айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | К.Төрөшев |